• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө 2 өрт өчүрүүчү унаа тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө 2 өрт өчүрүүчү унаа тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, заманбап өрт өчүрүүчү автоунаалар менен бүгүн, 29-мартта президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, ӨКМ башчысынын орун басары Эделбек Маматкулов, ӨКМдин облустук башкармалыгынын жана шаардык бөлүмүнүн жетекчилери менен биргеликте таанышып чыкты.

Россиядан чыгарылган КамАЗ АЦ-6-40 үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү унаалар акыркы үлгүдөгү өрт өчүрүүчү жабдыктар менен жабдылып, өзүндө 6 тонна суу алып жүрөт.

Аталган техникалардан Жалал-Абад облусуна жалпы 5 даана келген болсо, анын экөө Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө берилди.

Эске салсак, шаардагы өрт өчүрүүчү унаалар акыркы жолу 2009-жылы жаңыртылган.

Пикир

Оставить комментарий