• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында автоунааларды башаламан токтоткондорго каршы күрөшүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Ош шаарында жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоол болгон коомдук тамактануучу жайларда унаа токтотуучу жайлардын пайда болушун алдын алуу боюнча аракеттер күч алууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, Шакирова көчөсүндө жайгашкан “Семейный”, “Манас-Ата” жана “Береке” аттуу тамактануу пункттарына келген унаалар тамактануу жайынын жанындагы тротуарды жаап салышкан, жарандардын кайрылуусунан улам, сугат арыктарында тосулган темир торлору бузулуп, алынып салынды.

Ош шаарынын жолдор башкармалыгы шаардык жол кайгуул кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, соода түйүндөрүндөгү тротуарларда токтотууга тыюу салган тийиштүү жол белгилерин калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Аталган тамактануучу жайларга жана башка соода түйүндөргө көп жолу эскертүү кагаздары буга чейин берилип келген.

Мындан тышкары, аталган аймакта тротуарларда мыйзамсыз токтоп турган автоунааларды эвакуациялоо үчүн атайын күзөт кызматы иш жүргүзөт.

Шакиров көчөсүндө тартипке салуу боюнча иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий