• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө балдардын “Наристе” эл аралык фольклордук фестивалы уланууда

Аймак 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө “Наристе” II эл аралык балдар фольклор фестивалы ийгиликтүү уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, фестивалдын катышуучулары тоолорго жөө экскурсия жасашты. «Көчмөн Ордо» этно-комплексинде коноктор ат минип, селкинчек тээп, тоого чыгып, ойноп, репетиция жасашты. Кыргыз элинин улуттук оюндары менен да таанышты.

Фестивалдын катышуучуларына улуттук оюндар федерациясынын өкүлдөрү Салбуурун мергенчилик оюндарын тартуулашты. Оюндарда мүнүшкөрлүк, түрдүү ыкмалар менен жаа атуу жана тайган менен аңчылык болгон. Эң укмуштуудай учур – бүркүттөр менен түлкүгө аңчылык кылуу болду.

Оюндан кийин коноктор улуттук аспап чертүүгө, жаа атуу, бүркүт, тайгандар менен сүрөткө түшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Андан соң амфитеатрда фестивалдын катышуучуларынын репертуарынан чакан концерттик программа көрсөтүлдү. Экскурсия табиятта түшкү тамактануу жана чогуу сүрөткө түшүү менен аяктады.

Кечки программада: кыргыз элинин табияты, каада-салты тууралуу видеороликтерди көрүү, санаторийдин короосунда дискотека өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 30-майдан 8-июнга чейин “Наристе” II эл аралык балдардын фольклордук фестивалы өтүүдө, фестивалдын салтанаттуу ачылышына өлкө башчысы Садыр Жапаров катышкан. Иш-чарага Казакстан, Монголия, Россия, Алтай, Тувадан командалар келген.

Пикир

Оставить комментарий