• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде 10 үй-бүлөгө камсыздандыруу төлөмдөрүнүн сертификаты тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.20 /Кабар/. Баткен облусунда 10 үй-бүлөгө камсыздандыруу төлөмдөрүнүн сертификаты тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкүлдүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов табигый кырсыктардан улам турак жайы жабыркаган 10 жаранга, “Мамлекеттик камсыздандыруу уюумунун” камсыздандыруу төлөмдөрүнүн сертификатын тапшырды.

Алар буга чейин турак жайын камсыздандырган, сел, катуу шамал, өрт жана башка табигый кырсыктардан улам, турак жайы жабыркаган жарандар.

Жыл башынан бери Баткен облусунда жалпы 42 жаран камсыздандыруу төлөмдөрүнө ээ болушту.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын январь-ноябрь айларында Баткен облусунда 8840 турак жай, камсыздандыруудан өткөн.

Пикир

Оставить комментарий