• 88.68
  • 95
  • 0.95

Юстиция министрлигине 870тен ашуун жаран юридикалык кеңеш алуу үчүн кайрылган

Коом 0

Бишкек, 02.12.20 /Кабар/. Юстиция министрлиги калкка акысыз консультациялык жана юридикалык жардам көрсөтүү боюнча өткөрүлүп жаткан эки күндүк декаданын жыйынтыгын чыгарды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын алкагында эки күн ичинде жалпысынан республика боюнча 870тен ашык жаран юридикалык консультацияга, 92 жаран квалификациялуу юридикалык жардамга кайрылышты.

“Жарандар көбүнчө, мураска байланыштуу - 67, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө менчик укугу (күрөө, тартулоо келишими) - 156, үй-бүлөлүк маселелер боюнча (ажырашуу, мүлктү бөлүштүрүү, балдардын жашаган жерин аныктоо, аталыкты аныктоо) -149, эмгекке байланыштуу маселелер боюнча мыйзам - 22, жазык мыйзамдары - 31, административдик укук бузуулар - 14, турак жай маселелери - 67, социалдык коргоо (пенсиялар, жөлөкпулдар) - 81, жер маселелери - 77, ошондой эле документтер менен байланышкан маселелер боюнча 72, юридикалык жактарды каттоо / кайра каттоо, ишин токтотуу - 26, документтерге апостол коюу -16, ошондой эле квалификациялуу юридикалык жардам алуу - 92 жана башка маселелер боюнча кайрылышты”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, жер маселелери (жер тилкелерин каттоо, укук белгилөөчү документтерди алуу ж.б.) актуалдуу бойдон калууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, ушул декаданын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери өлкөнүн бардык аймактагы бөлүмдөрү жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкерлери активдүү катышууда.

Эскерте кетсек, жарандар акысыз юридикалык кеңештерди шилтемелерде көрсөтүлгөн даректер боюнча ала алышат.

Андан тышкары консультацияны 112-ишеним телефондору, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын фойесинде, саат 09-00 дөн 17-00гө чейин Бишкек шаары, Жаш Гвардия проспекти 32 дареги боюнча алууга болот.

Пенсия, жөлөкпулдарды каттоо, компенсацияларды эсептөө маселелери боюнча юридикалык кеңешти төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот: (0312) 54-34-23, 57-65-90.

Жумушка орноштурууга жана эмгекти коргоого, калкты социалдык жактан коргоого көмөктөшүү, анын ичинде жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларын, турмуштук оор кырдаалда турган балдарды колдоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо, ошондой эле гендердик өнүгүү жаатында укуктук кеңештерди төмөнкү телефондордор аркылуу алсаңыздар болот: (0312) 30-37-48, 43-47-66, 30-36-87, 43-47-70.

Пикир

Оставить комментарий