• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Бейшембиев Пакистан Сенатынын федералдык катчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 02.12.20 /Кабар/. Бүгүн, 2-декабрда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиевдин Пакистан Сенатынын федералдык катчысы Сайед Первез Аббас менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана иш сапарлары менен алмашуу, ошондой эле Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Лахор Тынчтык Борбору менен биргеликте ушул жылдын 10-11-декабрында Бишкекте уюштурган "Жибек Жолун кайра ойлонуу: Кыргызстан жана Пакистан өз ара байланыш доорунда" кыргыз-пакистан бизнес форумун жана тегерек столун өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий