• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМдин түзүлгөнүнө 80 жыл. Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь куттуктоо катын жөнөттү

Саясат 0

Бишкек, 19.03.24./Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге куттуктоо катын жолдоду.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, элчинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын 80 жылдык мааракесине карата Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин бардык кызматкерлерин чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көп жылдар бою өз миссиясын татыктуу аткарып, эл аралык кызматташтыкты жемиштүү жүргүзүп, регионалдык деңгээлде тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, ошондой эле Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн илгерилетүүгө маанилүү салым кошуп келет.

Кытай менен Кыргызстан достук мамиледеги коңшулар жана стратегиялык өнөктөштөр. 30 жылдан ашык убакыттан бери кытай-кыргыз мамилелери динамикалуу өнүгүүнү сактап келет. Өткөн жылдын май айында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кытайга биринчи мамлекеттик сапары менен барып, Кытай – Борбор Азия саммитине катышкан.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаров менен маанилүү жолугушуу өткөрүп, Кытай менен Кыргызстандын ортосунда жакшы коңшулук, достук жана жалпы гүлдөп-өнүгүү духунда жалпы тагдыр коомчулугун түзүүгө умтулуусун ырастады. Тараптар кытай-кыргыз мамилелерин жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине алып чыгышты.

Кытай Кыргызстан менен бирге эки өлкөнүн лидерлеринин маанилүү келишимдерин ишке ашырууга, «Бир алкак, бир жол» демилгесинин сапаттуу курулушуна көмөктөшүүгө, эки өлкөнүн жана региондун тынчтыгына жана жалпысынан гүлдөп өнүгүшүнө көбүрөөк салым кошууга даяр.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жаңы ийгиликтерди, ал эми Кытай менен Кыргызстандын элине гүлдөп-өнүгүүнү каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий