• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын "Манас-Ата" аймагындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулат

Аймак 0

Бишкек, 19.03.24./Кабар/. Ош шаарынын "Манас-Ата" муниципалдык аймактык башкармалыгындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэр Бакытбек Жетигенов аймактагы негизги маселелер менен таанышып, абалды жеринен көрүп чыкты.

Жетигенов калаадагы А.Навои, Алай, Ж.Раимбеков (мурдагы Зайнабетдинов), Мотор, И. Раззаков, У.Салиева, Ж. Касымбеков көчөлөрүндө болуп, жергиликтүү тургундардын жашылдандыруу, мыйзамсыз курулуштарды, уруксаты жок соода-сатык түйүндөрдү алып салуу, ички жолдорду асфальттоо, тротуарларды куруу, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында балдардын аянтчаларын уюштуруу, шлагбаумдарды, таштанды контейнерлерин орнотуу боюнча маселелерин укту.

Калаа башчысы жарандардын кайрылуулары эске алынаарын белгилеп, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине калктын атап кеткен маселелерин чечүү үчүн иш планга киргизип, тийиштүү жумуштарды аткаруу боюнча протоколдук тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий