• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балыкчыда "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусунун активдүү фазасы өттү – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 13-октябрда Коргоо министрлигинин "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунун базасында Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусунун активдүү фазасы өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖККУга мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоочу жамааттык күчтөрүнүн машыгуусуна КР коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Тажикстан коргоо министри Шерали Мирзо, ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, Беларусь коргоо министринин биринчи орун басары - Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Виктор Гулевич, ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоров, ЖККУнун Катчылыгынын жана Бириккен штабынын, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн, Кыргызстанда аккредитациядан өткөн аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык региондук уюмдардын өкүлдөрү жана башка чакырылган коноктор байкоо салышты.

Машыгуунун жүрүшүндө жамааттык коопсуздуктун Борбордук Азия регионунда ЖККУнун тынчтыкты сактоочу Жамааттык күчтөрү тарабынан Тынчтыкты сактоо боюнча операцияны даярдоо жана жүргүзүү маселелери иштелип чыкты.

"Бузулбас боордоштук-2023" биргелешкен машыгуусун өткөрүүнүн максаттары: тынчтыкты сактоо операциясын уюштурууда, ЖККУнун биргелешкен тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн өздүк курамын башкаруу боюнча командирлердин тажрыйба алуусу, биргелешкен аракеттердин жүрүшүндө тынчтыкты сактоо контингенттеринин өздүк курамынын талаа машыгууларын өркүндөтүү, ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара мамилелерди жана кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле тынчтыкты сактоо операциясынын жүрүшүндө коюлган милдеттерди аткарууда ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук контингенттеринин күжүрмөн даярдыгын андан ары өркүндөтүү.

Практикалык иш-аракеттердин жүрүшүндө бир нече тактикалык эпизоддор иштелип чыкты. Транспорттук-авиация каражаттары менен аскердик контингенттерди белгиленген райондорго которуу, колонналарды түзүү жана автомобилдик жана бронетанкалык техникада жүрүш жасоо, кайтарууну уюштуруу, кыймылдын каттамын чалгындоо, өз алдынча жасалган жардыргыч түзүлүштөрдү минадан тазалоо, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү тосуу жана жок кылуу, маанилүү мамлекеттик жана аскердик объекттерди кайтаруу боюнча милдеттерди аткаруу.

Машыгуунун алкагында көзөмөл-өткөрүү пункттарында (блокпосттордо), транспорт каражаттарын кароо тартибинде, качкындарга биринчи жардам көрсөтүү, колонналарды гуманитардык жардам менен коштоо, инфраструктуранын маанилүү объектилерин кайтаруу, калктуу конушту тосуу жана текшерүү, имаратка кол салуу, гуманитардык жардам көрсөтүүгө көмөктөшүү кызмат өтөө боюнча практикалык иш-чаралар да өткөрүлдү.

Машыгууга Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия жана Тажикстандын тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн жалпы саны 1500гө жакын аскер кызматчылары, ошондой эле 200дөн ашык авиациялык, бронетанкалык, аскердик авиация, деңиз кемелери жана учкучсуз учуучу аппараттар катышты.

Пикир

Оставить комментарий