• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагында коомдук алдын алуу борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагында коомдук алдын алуу борбору уюштурулуп, салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине ички иштер министринин кеңешчиси А.Мамыров, Нарын облустук ИИБ башчысы С.Асаналиев, президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, Нарын райондук ички иштери бөлүмүнүн башчысы жана кызматкерлери, "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фонду жана "Saferworld" (Сейфероуорлд) уюмунун өкүлдөрү, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн курамы жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Аталган долбоор жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү биргеликте чечүү максатында милиция, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жамааттардын ортосунда жакшы санаалаштык жана ишенимдүү кызматташтыкты орнотууну көздөйт .

Коомдук алдын алуу борборун кеңсесин курууга жалпысынан 1 млн 850 миң сом жумшалды, анын ичинен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өнүктүрүү фондунан 1 450 миң сом бөлүнгөн, ал эми долбоор тараптан 400 миң сом сарпталган.

Мындан сырткары, борборду жасалгалоого жана кеңсе техникалары, эмеректер менен жабдууга 361 миң 99 сомдук жардам долбоор тарабынан көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий