• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абадда үйлөргө жылуулук бериле баштады

Аймак 0

Ош, 02.11.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык кызматтары бала бакчаларды жана ооруканаларды борбордук жылуулук системасына 1-ноябрдан баштап кошо баштаган.

Калаа башчысы Мураталы Тагаевдин буйругу менен биринчи кезекте жылуулукту саламаттык сактоо, билим берүү жайларына, бала бакчаларга жана башка социалдык мекемелерге берип, андан кийин турак жайларга жана дебиторлорго бере башташты.

Андан тышкары калаа башчы аба ырайы ысып кеткен учурда жылуулук берүүнү убактылуу токтотууну тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий