• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мэр Суракматовго Бишкекте жалбырактарды кайра иштетүүчү ишкана түзүүнү сунушташты

Коом 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. “Дүйнө элдери” коомдук уюмунун башчысы Алишер Ташматов Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго жалбырактарды кайра иштетип чыгаруучу ишкана курууну сунуштады. Бул тууралуу ал Facebook социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасында билдирген.

Анын айтуусунда, калаа башчысы аталган сунушка болгон кызыгуусун билдирип, вице-мэр Рыспек Сарпашевге аталган сунушту деталдуу талкуулап чыгууну тапшырган.

“Түшкөн жалбырактардан меш жакканга отун жана башка нерселерди кылса болот. Бул жерде аз чыгымдар жана абдан көп пайда бар. Бүгүнкү күндө аларды жөн гана өрттөп, экологияны булгашууда. Жайылып жаткан жалбырактардын маселесин ушинтип гана чечүүгө болот”, - дейт Ташматов.

Ал белгилегендей, бул кошумча жумуш орундарын түзөт жана шаардык бюджетке кошумча киреше түшмөк.

Пикир

Оставить комментарий