• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Миллиондогон доо арыздар түрүндөгү шок терапиясы жакшыртуучу таасир берди - эксперт

Коом 0

Бишкек, 13-май /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Кечээ, 12-майда КР Президенти Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага “Азаттык” радиосуна карата доо арызын кайтарууну кароону сунуштады. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Буга байланыштуу эксперт, “Журналисттер” коомдук уюмунун төрагасы Азамат Тынаев миллиондогон доо арыздар түрүндөгү шок терапиясы оор болгону менен ЖМКлар боюнча жагдайга жакшыртуучу таасир бергендигин белгиледи.

“Биз үчүн мындай жагдай кадыресе болушу керек. Анткени, эгерде биз фунтаменталдык жарандык укук, анын ичинде сөз эркиндиги жана ЖМКлар менен чырлуу жагдайларда жарандардын ар-намысын жана абийирин коргоо укугу бар, ишке ашырылган жана кепилденген цивилизациялуу өлкө наамына умтулсак, бул маселелер цивилизациялуу жол менен чечилиши керек”, -деп билдирди А.Тынаев.

Анын айтымында, мындай жагдайлар ар бир өлкөдө ар кандай мезгилде болушу мүмкүн жана аларды сот аркылуу жолуна жеткирбей чечүү керек. “Бул жагдайдан жоготуусуз чыгуу зарыл. Абалды талдап, оптималдуу жана эң позитивдүү чечимди табуу керек. Бул жагдайда жеңүүчү жана жеңилген тарап болбоого тийиш”, - деп чечмеледи эксперт.

“Балким, “Заноза” менен түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн башка ыкмалар колдонулат. Бирок, жыйынтыгында “Заноза” менен болгон жагдай да ушундай позитивдүү түрдө чечилсе, биздин коом, биринчи кезекте бийлик жана ЖМК өз өнүгүү жолунда дагы бир тепкичке жогору көтөрүлдү деп айтууга болот. Бардыгы кандайдыр бир тажрыйба топтоп, сабак алып чыгышат”, - деп жыйынтыктады А.Тынаев.

Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын жана абийирин коргоп, Zanoza.kg сайтына жана “Азаттык” радиосуна жалпы суммасы 26 миллион сомго доо арызын берген. 30-мартта А.Атамбаевдин «Свободная Европа»/Радио «Свобода» радиосу медиакорпорациясынын президенти Томас Кент менен анын жеке өтүнүчү боюнча жолугушуусу өткөн. Жолугушууда өлкөдөгү болуп жаткан окуяларды чагылдырууда тең салмактуулукту жана акыйкаттуулукту камсыздоо, журналистиканын калыстыгы маселелери, айрым журналисттердин жалган маалыматтарды жайылтуулары тууралуу пикирлердин пайда болуу себептери талкууланган. Кыргызстандын эли үчүн маанилүү жана ыйык сөз эркиндиги принциптерин дискредитациялоого жол бербөө тууралуу өзгөчө сөз болгон.

КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматы боюнча, жолугушуудан кийинки мезгилде “Азаттык” радиосунун ишмердигинде бул ЖМКнын радио материалдарында жана макалаларында тең салмактуулукту жана таразалоону камсыздаган позитивдүү тенденция байкалды.

Пикир

Оставить комментарий