• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бүгүндөн тарта «Рулда» аталышында рейд жүрөт

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын бардык аймагында «Рулда» аталышында профилактикалык багытта рейддик иш-чара өткөрүлөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, рейд коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана аны болтурбоо максатында бүгүнкү күндөн тартып март айынын аягына чейин өтөт.

Рейддик иш-чара учурунда айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, айрыкча ылдамдыкты ашыра айдагандарга, автоээнбаштык жасагандарга жана мас абалында унаа башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий