• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоо учурунда коомдук тартипти кароого 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылды

Коом 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Шайлоо күнү шайлоо тилкелеринде коомдук тартипти 10 миңден ашык милиция кызматкери карайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери 1-октябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

"Андан тышкары элдик кошуундар да иштейт. Шайлоого даярбыз. Ар бир атуул жарандык милдетин аткарып, добушун өзү тандаган партияга берет деп ишенем", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий