• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Балага сүйүнчү" алуу эми мурдагыдан да оңой болот

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Эми "Балага сүйүнчү" пул алуу мурдагыдан да оңой болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтуусунда, учурда ушул багытта жумуш жүрүүдө.

"Коомчулук тараптан сүйүнчүнү алууда абдан көп документтер керек экендиги тууралуу нааразычылыктар келип түшкөн. Бирок бүгүнкү күндө бир жолку төлөнүүчү сүйүнчүнү алуу үчүн тек гана ата-энесинин паспорту, бала төрөлгөнү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөлөрү жана банк реквизиттери керек болот. Электрондук арыз бергенден кийин ал Мамлекеттик каттоо кызматына, анан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жиберилет. 7-10 күндүн ичинде каражат банкттык эсепке которулат", – деди Кочкоров "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында.

2019-жылдын 1-мартынан баштап банктык картаны алып келүү токтотулуп, бир гана ата-энесинин паспорту керек болот.

"Эгер ата-энеси баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алган болсо, ошол күбөлүк менен арыз жазышса, каражат эки сутканын ичинде алардын эсебине түшөт", – деп кошумчалады Кочкоров.

Эске салсак, сүйүнчү пулду бала төрөлгөндөн кийин, 6 айдын ичинде алууга болот. Эгерде ата-энесинин мындай мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда башка бирөөгө ишеним кат жазып берип алса болот.

Пикир

Оставить комментарий