• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бөлтүрүк: "Кумтөрдө" алтын казуу жер астында жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. "Кумтөр" кенинде алтын казуу жер астында жүргүзүлөт. Бул тууралуу маалымат жыйында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.

Анын айтымында, бул ыкма экологиялык жактан туура болот.

“Бизде иштин үнөмдүү ыкмасы бар. Көлөмү азайышы мүмкүн, бирок биз кайдан жана кантип калыбына келтирүү керектигин билебиз”, - деди Бөлтүрүк.

Бөлтүрүк кошумчалагандай, “Кумтөр” компаниясы тарабынан жер астынан алтынды казуу үчүн эки жылдык даярдык жүргүзүлгөнүнө карабастан аны жер үстүнөн алып келген. Даярдык иштерине 180 млн доллар кеткен.

Пикир

Оставить комментарий