• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын катышуучулары 400 миңге жакындады

Коом 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан өткөрүлүп келе жаткан "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын катышуучулары 400 миңге жакындады, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, 25-30-декабрь аралыгында аталган лотереянын экинчи этабы өтөт. Анда Бишкектен 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана "Дайсон" маркасынданы 21 фен ойнотулат.

Белгиленгендей, жарандардын лотереяга катышуусу ишкерлердин контролдук-кассалык машиналарды колдонуусун коомдук көзөмөлдөөнүн натыйжалуу формасы болуп саналат жана аларга баалуу белектерди утуп алууга мүмкүнчүлүк берет.

Учурда 16,3 млрд сомдон ашык кассалык чек сканерден өткөрүлүп, 15,2 млн ID номерлер ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий