• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат Алтыбаева: «Коопсуз шаар» долбоору менен чектелбей «Коопсуз Кыргызстанга» өтүш керек

Коом 0

Бишкек. 14.03.19 /Кабар/. Ушуну менен эле чектелип калбай, чакан «Коопсуз шаар» долбоорунан ири «Коопсуз Кыргызстан» долбооруна өтүүгө тийишпиз. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

"Эми биз облустук маанидеги шаарларга да видеожабдууларды орното башташыбыз керек. Мында биринчи кезекте атамекендик компанияларды тартуу зарыл. Өкмөт аларга жардам иретинде республикалык бюджеттен ссуда берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып көрсө, андан да жакшы болмок", - деди депутат.

Эске салсак, Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-февралынан тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи фазасы иштей баштаган. Бирок өкмөт жол эрежесин бузгандарга 4-мартка чейин айып пул салынбайт, деп билдирген.

Ал эми "Коопсуз шаардын" экинчи фазасын ишке киргизүү бир аз кечигүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 4-мартынан баштап 12 734 жол эрежесин бузуу жөнүндө токтом иштелип чыккан, алардын ичинен 5 686 дарегине жеткирүү үчүн почта органдарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий