• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Айданек" жашы жете элек балдардын реинтеграция борборунда Ак калпак күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги “Айданек” оор кырдаалга кабылган балдарды реинтеграциялоо борборунда Ак калпак күнү белгиленди.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, майрамдын алкагында, маданий мурастарды жана улуттук өзгөчөлүктү даңазалоо максатында, борбордун мугалимдери тарабынан тарбиялык класстык саат уюштурулду.

Иш-чара балдарды улуттук баш кийим Ак калпактын тарыхы жана кыргыз маданиятындагы мааниси менен тааныштырууга багытталган.

Белгилей кетсек, «Айданек» борбору Бишкек шаарынын кароосуз калган 3 жаштан 18 жашка чейинки оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарына социалдык, психологиялык жана алгачкы медициналык жардам көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий