• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысынын орун басары Айбек Молдогазиев ICMPD башкы директору менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борборунун (ICMPD) башкы директору Майкл Шпинделлегер менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар миграция тармагындагы кызматташууну талкуулашты. Тактап айтканда, министрдин орун басары Тышкы иштер министрлиги тарабынан эмгек миграциясында жүргөн Кыргызстандын жарандарын колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор менен ийгиликтүү кызматташууну белгилеп, Кыргызстандын жарандарынын Европага ийгиликтүү адаптацияланышына жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшкө көмөктөшүүчү Ош шаарында Миграциялык ресурстук борбордун түзүлгөндүгүнө Айбек Молдогазиев ыраазычылык билдирди.

Тараптар мындар аркы иш пландарын талкуулап, туруктуу байланышта болууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий