• 88.68
  • 95
  • 0.95

Административдик-аймактык реформа. Бишкекте дагы бир тез жардам ооруканасы түзүлөт

Ден соолук 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Күн мурун саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук бириккен ооруканасында болду.

Ведомстводон билдиришкендей, анда жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында оорукананы кайра уюштуруу маселеси эмгек жамааты менен талкууланды.

Министр белгилегендей, калкты тейлөө чөйрөсү жана тез медициналык жардам алгандардын саны жыл сайын өсүп жатат. Ушуга байланыштуу, жүргүзүлүп жаткан Административдик-аймактык реформанын алкагында Саламаттык сактоо министрлиги Чүй ооруканасынын статусун “Облустук” статусунан “№2 Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына” өзгөртүү чечимин кабыл алды.

Оорукана жетекчилиги министрге учурда ооруканада лор, көз, кардиологиялык, хирургиялык, урологиялык, травматологиялык, реанимация, амбулатордук диагностика, терапевттик, неврологиялык бөлүмдөрү бар экенин билдирди.

"Ошондой эле гинекологиялык жана балдар бөлүмдөрү бар. Оорукана 350 орунга ылайыкталган, анын ичине 70 орундук төрөт бөлүмү да кирет. Оорукананы алдыдагы кайра профилдештирүүнүн алкагында гинекологиялык жана төрөт бөлүмдөрүн бириктирүү менен орундардын санын көбөйтүлүп, балдар бөлүмүн тиешелүү түзүмгө өткөрүү маселеси каралышы шарт. Дарыгерлердин, орто жана кенже медкызматкерлердин санын көбөйтүлүп, толук кандуу тез жардам көрсөтүү үчүн реанимациянын ар бир бөлүмүндө ангионеврологиялык жана кечиктирилгис жардам бөлүмүн ачуу, ошондой эле ар бир бөлүмгө Интенсивдүү терапия бөлмөлөрүн уюштуруу зарыл", - деди жетекчи.

Иш сапардын жыйынтыгында министр Чүй облустук бириккен ооруканасынын жетекчилигине оорукананын мындан ары Тез жардам ооруканасы катары толук кандуу иштеши үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн тиешелүү адистери менен оорукананын статусунун өзгөрүшүнө байланыштуу муктаждыктарды тез арада эсептеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий