• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Аврора” санаторийинде уулангандардын саны 22 адамга жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы “Аврора” санаторийинде уулангандардын саны 22 адамга жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Саламаттык сактоо министрлигин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, 7-майда “Аврора” санаторийинде 18 адам ууланып калгандыгы тууралуу маалымат чыккан. Алардын жетөө кикбокс боюнча Азия чемпионатына келген чет элдик спортчулар. (бирөө ирандык жана алтоо Араб Эмираттарынын жарандары).

КР ССМнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 8-майда сегиз адам ооруканадан чыгарылган, алардын арасында бардык чет элдик спортчулар болгон.

Ошондой эле кийинчерээк дагы төрт адам жардам сурап кайрылган. Учурда 14 кыргызстандык бейтапканада жатат.

“Алардын абалы туруктуу, канааттандыраарлык бардык керектүү жардамды алып жатышат”,-деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий