• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Жеңиш майрамынан кийин 10 тонна таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 10.05.18. /Кабар/. Улуу Жеңиш майрамынын эртеси күнү “Тазалык” МИнын кызматкерлери 10 тонна таштанды чыгарышкан. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине 11 даана атайын техника тартылган, алардын тогузу таштанды ташуучу, экөө суу себүүчү унаалар. Ала-Тоо аянтында тынымсыз нөөмөттө турган 112 кызматкер бир сутка бою таштандыларды чогултушкан.

Ала-Тоо аянты боюнча чоң желим челектер орнотулган

Жумуш таң заарда башталып, түнкү саат 2лер чамасында бүткөн.

Пикир

Оставить комментарий