• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуу Британиядан келген КР жараны үй обсервациясында турат – штаб

Ден соолук 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Улуу Британиядан келген КР жараны жашаган жери боюнча дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине өлкөгө коронавирус инфекциясын келишин алдын алуу боюнча штабдан билдиришти.

Штабдын адистеринин айтымында, ал үй обсервациясында болуп, аны үй-бүлөлүк дарыгер телефон аркылуу байкоого алып турат.

"Ал ээн-эркин жүрө алат. Учурда анын абалы канааттандырарлык. Эртең менен тамагында кычышуу болгон. Коронавируска мүнөздүү башка белгилер болгон эмес. Ал жер тамда турат. Үй шартында обсервацияда болууга шарттары бар. Алдын алуу чарасы катары ага үйдөгү башка адамдардан өзүнчө бөлмөгө жатуу, беткап тагынуу, бөлмөнү желдетип туруу, санитардык талаптарды аткаруу сунушталды. Бүгүн, кечинде дарыгерлер аны карап, керек боло турган болсо коронавируска анализ алышат", - деп билдиришти штабдан.

Штабдан белгилешкендей, бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавируска 1 миң 545 анализ жасалып, анын жыйынтыктары оору жок экенин көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий