• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Коопсуз шаар". Системада мүчүлүштүккө байланыштуу айыппулду төлөө мөөнөтү узартылат – Маалыматтык технологиялар комитети

Коом 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Учурда "Коопсуз шаар" долбоорунун автоматташтырылган маалыматтык системасында мүчүлүштүк чыгып, техникалык иштер жүргүзүлүп жаткандыктан айыппулду төлөө мөөнөтү узартылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"6нан 7-мартка караган түнү "Коопсуз шаарынын" автоматташтырылган маалыматтык системасынын ишиндеги техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу адистер аны жоюу, айрым серверлердин ишин жакшыртуу боюнча иштер башталган", - деп билдиришти аталган комитеттен.

Комитеттен белгилешкендей, техникалык мүчүлүштүктү жоюу иштерине байланыштуу азыркы учурда жарандар айыппулу бар же жок экендигин текшере албайт жатат. Мындан улам азыр айыппулду төлөй албаган жарандар үчүн аны төлөө мөөнөтү узартылат.

Ошол эле учурда "Коопсуз шаардын" камералары жол эреже бузууларды каттап, толук кандуу иштеп жатат.

"Учурда техникалык иштеп аяктап жатат жана кыска убакыт ичинде айыппулдарды текшерүү кызматы иштеп баштайт", - деп билдиришти комитеттен.

Пикир

Оставить комментарий