• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 23-мартта жалпы ишембилик өтөт

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 23-мартта жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жарыяланган эки айлыктын алкагында Бишкек шаарынын мэриясы менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды жана мекемелерди, чарба субъектилерин жанаша жайгашкан аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 11-марттан 11-майга чейин борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган.

Аба ырайынын шарттарына байланыштуу 11-мартта жалпы ишембилик өткөн жок, 23-марттан тарта ар бир жумада жалпы ишембилик өтүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий