• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Торугарт» өткөрмө бекети ишин улантат. Кыргызстан Кытайга иштөөнүн жаңы алгоритмин сунуштады

Коом 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. «Торугарт» өткөрмө бекети ишин улантмай болду, анын алкагында Кыргызстан Кытайга иштөөнүн жаңы алгоритмин сунуштады. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине КР экономика министринин орун басары Элдар Алишеров маалымдады.

Анын билдирүүсүнө караганда, «Торугарт» өткөрмө бекетин июнь айында ачуу боюнча макулдашылган.

«Өткөн жумада Кыргызстан менен Урумчинин бажы кызматтарынын башчыларынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр өткөн. Анда биз коронавирустук эпидемиянын алкагында коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кытай тарапка жүктөрдү өткөрүүнүн алгоритмин сунуштадык», - дейт ал.

Кыргызстан оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу чек арадан өтүп жаткан кезде ПЦР-анализди унаадан чыкпай туруп тапшырып, ошол эле жерде натыйжасын күтүп турууну сунуштаган. Эгерде анализдин жыйынтыгы терс болсо, анда айдоочу андан ары жолун улай берет. Андан кийин «Улучат» бекетинде (Кытай) деле дал ушундай алгоритм болот, айдоочу унаадан чыкпай ошол бойдон кайрадан артка кайтат.

«Кытай тарап учурда мындай алгоритмди карап жатат. Учурдагы «Эркечтам» өткөрмө жайындагы алгоритм биздин жүк ташуучуларды канааттандырбай жатат. Учурда алгоритмге ылайык, кытай тарабы жүк жүктөлгөн прицепти чек арада калтырып кетет, аны биз тараптан унаалар алып кетиши керек. Биздин унаалар ар кандай, ошого да бул процесс татаалдашууда», - дейт ал.

Жаңы алгоритмди келерки жумада талкуулоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий