• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында 8-июндан тарта 72 мечит иштей баштайт − Сарыбашов

Аймак 0

Бишкек, 06.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында 8-июндан тарта 72 мечит иштей баштайт. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Анын айтымында, шаардык мэрия казыят менен бирге иш алып барууда.

"Шаар боюнча жалпы 72 мечит бар. Республикалык штабдын чечими менен 8-июндан тарта мечиттер иштей баштайт. Санитардык талаптар мечиттер үчүн каралган. Алсак, антисептик колдонуу, беткап тагынуу жана жарандардын ортосунда 1,5-2 метр аралык сакталышы керек. Мечиттер такай көзөмөлдө болот. Талаптарды аткарбаса жабууга туура келет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий