• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта Апрель революциясына арналган эскерүү иш-чарасы ѳттү

Аймак 0

Бишкек, 06.04.24. /Кабар/. Таласта 7-апрель - Элдик революция күнүнѳ арналган эскерүү иш чарасы ѳттү.

Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара алгач Талас шаарынын борбордук аянтында жана “Баатырлар паркында” 7-апрелде курман болгон баатырларга арналып тургузулган эстеликтерге гүл чамбарларын коюп, аларга багыштап куран окуу менен башталды. Андан соң, аза күтүү мүнѳтү жарыяланып, аскерлер тарабынан залп атылды.

Эскерүү иш-чарасында облус башчысы Нурлан Дарданов Апрель окуясы ѳлкѳ тарыхындагы саясий маанилүү окуя экенин билдирип, ѳлкѳнүн келечеги, элдин бакубат турмушу үчүн ѳмүрүн арнаган баатырлардын эрдиктери жана элеси эч качан унутулбай тургандыгын белгиледи. Ошондой эле ал “Баатырларга таазим” коомдук бирикмесине ыраазычылык билдирип, эл-журтка биримдик, ѳлкѳгѳ тынчтык каалады.

Андан соң, Апрель баатырларын эскерүү иш-чарасы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында улантылды. Анда Апрель революциясынын тарыхый маанисин чагылдырган, бейкүнөө окко учкан жердештерибиздин эрдигин даңазалаган театрлаштырылган программа тартууланды.

Ошондой эле ѳкүлчүлүк тарабынан 7-апрель - Элдик революция күнүнѳ карата, буга чейин облустагы орто мектептердин окуучуларынын арасында уюштурулган дил баян, сүрѳт сынактарынын жеңүүчүлѳрүнѳ акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас шаарынын борбордук аянтына 20 миңден ашуун жергиликтүү эл ошол кездеги бийликке нааразычылык билдирип чыккан. Таластан тутанган революция учкуну Кыргызстанга тарап, бийлик алмашып, 87 жигит курман болгон. Анын ичинде таластык 9 баатырга арналып, Талас шаарынын борбордук паркына айкелдер коюлган.

Пикир

Оставить комментарий