• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө мал уурдоодон 1,5 миллион сом зыян келтирилген

Аймак 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Ысык-Көлдө жыл башынан бери мал уурдоодон түшкөн зыян 1,5 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милициянын кызматкерлери уурдалган жаныбарлардын ээлерине 721 миң сом өлчөмүндөгү зыянда калыбына келтирип беришкен.

Отчёттук мезгилде мал уурдоо боюнча 60 кылмыш иши тергөөдө болгон. Анын 41 кылмыш иши иликтенип, сотко жөнөтүлгөн. Ал эми кылмыштардын бетинин ачылышы 68,3 пайызды түзгөн.

Жалпысынан 98 баш мал уурдалып, 50сү кайтарылып берилген.

“Мал уурдоо жашоочулардын өзүнүн малын жакшы карабай койгондугунан келип чыгууда. Жеке короодон мал уурдоонун 18 фактысы, жайыттардан 13 уурулук фактысы катталган”, - деди Ысык-Көл ОИИБнин башчысынын орун басары Канат Айдакеев.

Пикир

Оставить комментарий