• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун башчысы жарандарды кабыл алып, ага район жана айыл өкмөт башчылары онлайн катышты

Аймак 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-февраль күнү КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага район жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана тийиштүү мекеме жетекчилери онлайн катышты.

Ош облусунун тургундары материалдык жардам, жер, кадр маселеси, үй маселеси, жөлөк пул, жер тилке маселеси, таза суу, турак жай, базар маселеси жана жеке маселелери менен кайрылды. Ош облусунун башчысы, жарандардын көйгөйлөрүн угуп, Онлайн форматта жыйынга катышкан жетекчилерге тапшырма берди.

Белгилей кетсек, аптанын ар шейшемби күндөрү саат 14:00 дө КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат. Алардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү жетекчилер онлайн форматта катышат.

Пикир

Оставить комментарий