• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чоң-Алайдагы тоо этектеринде жаракалар пайда болду

Аймак 0

Бишкек, 28-июнь /Кабар/. Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагында 2017-жылдын 27-июнунда Сары-Булак айылында тоо этектерде майда жаракалар пайда болгон. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Тоодогу пайда болгон жаракаларды жеринде изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Иликтөө ишинин натыйжасында тоодогу жаракалар 2 турак үйгө кооптуу абал жараткандыгы аныкталып, турак үйдүн жашоочулары туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн.

Андан сырткары, айылдын жогору жагында да кошумча жаракалар пайда болгондугу байкалган.

Пикир

Оставить комментарий