• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында бак-дарактарды дарылоо иши жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Жалал-Абад шаарында бак-дарактарды дарылоо иши жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 10-майдан тарта Токтогул, Жеңиш, Байзаков атындагы эс алуу парктарында, Манас проспектиси, Тарсус, Манас, Осмонов Ибраимов, Пушкин, Ленин, Токтогул, Барпы-Сейил, Байзаков, Курманбек, Абдрахманов көчөлөрүндө бак-дарактарды зыянкечтерден коргооо максатында дарылоо иши жүргүзүлүүдө.

Дарылоо үч этап менен жүргүзүлөт. Жалпысынан шаарда 18,6 гектар бак-дарактар дарыланат.

Белгилей кетсек, мындай дарылоо Жалал-Абад облустук “Токойлорду коргоо жана сактоо станциясы” менен эки тараптуу түзүлгөн келишимдин алкагында ишке ашууда.

Адистер белгилегендей, бул дырылоо айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна зыянын тийгизбейт.

Пикир

Оставить комментарий