• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Балтада бала бакчанын жана дарыкананын имараты мэрияга кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Кара-Балтада жалпы баасы 34,5 млн сомду түзгөн бала бакчанын жана дарыкананын имараты мэриянын балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттун чечимдери менен муниципалитеттин карамагына Кара-Балта шаарында жайгашкан 488 чарчы метр жер тилкеси менен дарыкана имараты (жалпы пайдалуу аянты 1039,8 чарчы метр) жана жер тилкесинин аянты 8115,9 чарчы метрди түзгѳн бала бакчанын имараты (жалпы аянты 8081,8 жана 3802,6 чарчы метрди түзгѳн жер тилкелери) кайтарып берилүүсү белгиленген.

Бирок, Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдѳ жогорудагы мүлктөрдүн бири да муниципалдык менчикке кабыл алынбагандыгы аныкталган.

Прокуратурадан белгилешкендей, жер тилкелеринин жана имарат-курулуштардын жалпы баасы 34 млн 591 миң 992 сомду түзөт.

Жыйынтыгында Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө Кара-Балта шаардык мэриясына талап келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн мүлктөрдүн бардыгы шаардык мэриянын балансына толук ѳткѳрүлгѳн.

Пикир

Оставить комментарий