• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун “аялдар канатынын” жашыруун иши аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун “аялдар канатынын” жашыруун иши аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аталган уюмдун аныкталган мүчөлөрү экстремисттик идеологияны жайылтуу жана ага жаңы тарапкерлерди тартуу боюнча мыйзамсыз иш аракеттерди жүргүзүп келишкен.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында кылмыш иши боюнча айыпталуучулар “С.Т.”, “М.Г.” жана “М.Н.” камакка алынып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий