• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 25-мартта болжол менен саат 15:30 чамасында Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде токтоп турган Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факты боюнча Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында “Тосмо” иш-мерчеми киргизилип, ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 40 жаштагы А.Ж. аттуу жаран кармалып, Свердлов райондук милициясынын Тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий