• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан акыркы сапарга узатылды

Аймак 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Күн мурун, 26-мартта Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Сафин Гаффан жерге берилди. Ардагер 25-мартта 99 жашында дүйнө салган.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Ош шаарындагы Россиянын Башкы консулдугунун консулу Константин Бахтин, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, аскер кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

Алар ардагердин эрдигине токтолуп, маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтышты.

Кошумчалай кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сафин Гаффан Башкыр АССРинде туулган. Советтик Армиянын катарында 1943-жылдан тарта кызмат өтөгөн. Ал Жалал-Абадга 1954-жылы көчүп келген.

Ардагер Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы, "Германияны жеңүү" жана башка медалдар менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий