• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык грек-римчилер Азия чемпионатына даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук кумара команда Азия чемпионатына жана эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Россиянны Москва шаарында өтүп жаткан эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

22-март күнү башталган жыйын 3-апрелде жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:
- 55 кг Улан Муратбек уулу;
- 60 кг Жоламан Шаршенбеков, Акыл Сулайманов;
- 63 кг Дастан Кадыров;
- 67 кг Амантур Исмаилов, Раззак Бейшекеев;
- 72 кг Адилхан Нурланбеков;
- 77 кг Алибек Бердиев;
- 82 кг Бекзат Орункул уулу;
- 87 кг Асант Жанышов, Азат Салидинов;
- 97 кг Үзүр Жусупбеков, Бексултан Махмудла;
- 130 кг Роман Ким;

• Улукбек Карачолоков – улук машыктыруучу;
• Азат Эркимбаев – башкы машыктыруучу;
• Улукбек Кыдыкеев – укалоочу;
• Данияр Мурасалиев – дарыгер.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2024-жылынын календардык планынын негизинде өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий