• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Ош-Тазалыктын” кызматкери грэпплинг боюнча Азия чемпионатына жолдомо алды

Спорт 0

Ош, 03.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. “Ош-Тазалык” МИнын кызматкери Жаныш Ураим уулу грэпплинг боюнча Азия чемпионаты жолдомо алды. Жолдомону бүгүн анын колуна тапшырышты.

Жаныш Ураим уулуна мындай мүмкүнчүлүк Бишкекте 22-23-февраль күндөрү өткөн Азия оюндарында утуп алган алтын медалдан кийин берилген.

Ал “Ош-Тазалыкта” инспектор кызматын аркалап келет.

Жаныш Ураим уулу 66 кг чейинки салмактык категория боюнча кармаштарга катышат, учурда Бишкекте 5-мартта өтө турган турнирге даярданууда.

Андан тышкары, спортчу эрежесиз мушташка кызыгат, 2017-жылы Сочи шаарында өткөн мелдеште күмүш медаль багындырган.

Пикир

Оставить комментарий