• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Үч улуттун кубогу": Кыргызстан Бангладешти 4:1 эсебинде утту

Спорт 2


Бишкек, 07.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 7-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдешинин алкагында Бангладештин командасы менен оюн өткөрдү.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу оюндун биринчи таймынын 10-мүнөтүндө Элдар Молдожунусов Кыргызстандын курамасына алгачкы голду алып келди. Ал эми 39-мүнөттө Алимардон Шүкүров эсепти 2:0гө өзгөрттү.

Экинчи таймдын башында кыргызстандык футболчу Турсуналы Рустамов (46-мүнөттө) гол киргизди. Көп өтпөй Бангладештин оюнчусу эсепти 3:1ге айлантты. Беттештин аягында кыргыз футболчулары дагы бир гол киргизип, 4:1 эсебинде оюнду жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, 2-7-сентябрь күндөрү Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан, Палестина, Бангладештин улуттук курамалардын катышуусунда “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдеш орун алды.

Буга чейин, 2-сентябрь күнү кыргыз футболчулары Палестинаны 1:0 эсебинде утуп алган. Ал эми Палестина Бангладештин командасын 2:0 эсебинде жеңген.

Аталган достук мелдеш Кыргызстандын улуттук курамасынын Азия Кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына болгон даярдыктын алкагында өттү.

Пикир

  • Уланбек

    Уланбек 3 years ago

    Азаматтар!

  • Zam

    Zam 3 years ago

    Урааа! Молодцы!

Оставить комментарий