• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Былтыр Кыргызстандын алдыңкы спортчуларына 36 млн сомдон ашык стипендия төлөнгөн

Спорт 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 2019-жылы Кыргызстандын алдыңкы спортчуларына 36 миллион 220 миң сом стипендия төлөгөн. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Ага ылайык, спорттун Олимпиада, Паралимпиада жана Сурдолимпиада түрү боюнча спортчуларга 30 миллион 455 миң сом, Спорттун олимпиада эмес түрү боюнча спортчуларга 4 миллион 525 миң сом жана спорттун улуттук түрү боюнча спортчуларга 1 миллион 240 миң сом стипендия төлөнгөн.

"Ай сайын орточо 123 спортчуга стипендия төлөнөт. Май айында 154 спортчу акча алса, сентябрь айында тескерисинче 83 спортчуга түштү", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми I категориядагы стипендия (75 миң сом) 2019-жылдын август айынан декабрь айына чейин Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган суучул Денис Петрашовго, октябрь айынан декабрга чейин кыз-келиндер арасында дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага, жөө күлүк Юлия Андреевага жана грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбековго төлөнгөн. Ошондой эле дагы бир жөө күлүк Дарья Маслова декабрь айында I категориядагы стипендияны ала баштаган.

Пикир

Оставить комментарий