• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто кош бойлуу айымдарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын көзөмөлдөө боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясында кош бойлуу аялдардын медициналык жана социалдык кызматтарга жеткилүүлүгүн жакшыртуу максатында, жергиликтүү деңгээлде өз ара аракеттенүүнүн ведомстволор аралык кызматташуусун түзүү боюнча мэрия тарабынан 2023-2025-жылдарга иштелип чыгып, бекитилген иш мерчеминин аткаралышы боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйынды Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров алып барып, ага Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Нургүл Ибраева, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкаруу бөлүмүнүн башчысы Жипара Азизбекова, “Кыргыз үй-бүлө альянсы” бейөкмөт уюмунун директору Бактыгүл Бозгорпоева, “Биринчи медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө көмөктөшүү” программасынын аткаруучу өкүлү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү жана медициналык кызматкерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө, калкка медициналык маалыматтардын жана кызматтардын жеткилүүлүгүн камсыз кылуу, кош бойлуу аялдарга муктаждыгына жараша, стационардык жана амбулатордук деңгээлде акысыз медициналык, социалдык жардам көрсөтүү, жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштер боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле, жарандардын саламаттыгын сактоо жана камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кош бойлуу аялдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда медициналык кызмат көрсөтүүнү илгерилетүүнүн, муниципалдык аймактык башкармалыктарда маалымдоо максатында жүргүзүлгөн жумуштардын жыйынтыктары боюнча баяндамалар жасалды.

Жыйындын соңунда, баяндамалар боюнча ой-пикирлер айтылып, шаар бийлиги тарабынан медициналык кызматкерлер арасында укук таануу жана башка тиешелүү жумуштарды аткаруу боюнча бир катар сунуштар берилди.

Пикир

Оставить комментарий