• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чоң–Алайда жабыркагандарга акчалай жардам берилди

Аймак 0

Ош, 3юль /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев Чоң-Алайга болгон иш сапарынын алкагында жер титирөөдөн жабыркаган жергиликтүүлөрдүн жаңы салып баштаган үйлөрүнүн курулушу менен жакындан таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, премьер-министрдин атынан жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 117 баш мал жандыгын жоготкон жергиликтүү тургун Мамат Чапаевге 200 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү. Ал эми Кара-Тейит айылынын аксакалы Арыстан Азимовго өкмөт башчынын атынан 50 миң сом жардам көрсөтүлдү. Өз кезегинде эки аксакал премьер-министрге ыраазычылык билдиришти.

Ошондой эле, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атынан кырсыктан жабыркаган Чоң-Алай районунун Шербото Эшенкулов жана Абдусаттар Койлубаев аттуу эки тургунуна 50 миң сом жардам көрсөтүлдү. Аз камсыз болгон үй бүлөгө Таалайбек Сарыбашев өзүнүн атынан 20 миң сом акча жана 2 тонна цемент тапшырды.

“Жабыркагандардын үй куруусуна тиешелүү бардык курулуш материалдары өз учурунда, арзан баада жеткирилип жатат”,-деп жазылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий