• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында гараждар алынып, көп кабаттуу үй куруу пландалууда — мэрия

Аймак 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Спутник кичирайонунун Манас көчөсүндөгү гараждардын бир бөлүгү алына баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1 гектар 7 сотык аянтты түзгөн жер 2001-жылдын 8-октябрында мэриянын муниципалдык менчигине өткөн.

"Ошол мезгилден бүгүнкү күнгө чейин муниципалдык жерде жайгашкан гараждар үчүн, гараж ээлери ижара акы төлөбөй келишет. Аларга тийиштүү адистер тарабынан бир канча ирет эскертүүлөр берилгенине карабай, келишим түзүшкөн эмес", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилишкендей, бул жайда адегенде 280ден ашуун гараж болгон болсо, учурда бир тобу бузулуп, таштанды басып, 220дан ашык гараж калган. Учурда алардын айрымдары менен сот иши жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, алдыда гараждар толугу менен буздурулуп, ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий