• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде кыргызстандык чек арачы сабалды. Иликтөө иштери жүрүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери Тажикстандын УКМКнын Чек ара аскерлеринин аскер кызматкерлери тарабынан сабалган. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 19-мартында Лейлек чек ара отрядынын аскер кызматкери Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сада жерлигинде кызмат өтөө учурунда чек ара тилкесине жакын жерден белгисиз унааны аныктап, аны кармоого аракет кылып, Тажикстандын чек арачылары кызмат өтөгөн жерге өтүп кеткен. Тажик чек арачылары Кыргызстандык чек арачыны кармашкан.

Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда дароо сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйынтыгында КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген.

Аскер кызматкеринин дене түзүлүшүн кароо учурунда анын башы жарылып, денесинде сыйрыктары бар болуп жана кийими кан болгон.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкеринин айтымында, тажик чек арачылары менен анын ортосунда жаңжал чыккан.

Азыркы учурда аскер кызматкеринин ден соолугунун абалы туруктуу деп бааланууда, ал стационардык дарыланууда.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Чек ара кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий