• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагында медицина кызматкерлерине болгон шарт жакшырууда

Аймак 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагында медицина кызматкерлерине болгон шарттар жакшырууда.Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Муктар Шербаев билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлердин кыш мезгилинде иш алып баруусун жеңилдетип, шарттарын жакшыртуу аракети көрүлүүдө.

"Айры-Там айылындагы №12, Совет-Сай айылында жайгашкан №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттарынын жылытуу системалары жаңыланып, эшик-терезелери алмаштырылды. Ал айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен жана эл аралык уюмдардын колдоосу астында ишке ашырылды", - дейт М.Шербаев.

Пикир

Оставить комментарий