• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддын эки тургуну “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунан баш тартты

Аймак 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Аксы райондорунун тургундары 51 жаштагы С.А.К. жана 45 жаштагы Ж.Ы.Ш. "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун экстремисттик идеологиясынан эл алдында баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Ведомстводон билдиришкендей, бул адамдар мурда “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны карманып келишкен.

Алар өздөрү тандап алган диний багыттын туура эместигин моюнга алып, жарандарды бул уюмдун Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн кайрылууларына алданбоого чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий