• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Кепилдик фонду» ААКнын кардары Жаныбек Турганбаев: Бизге чейин Таласта лаунж-бар деген түшүнүк болгон эмес

Аймак 0


Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. «Кепилдик фонду» ААКсы Талас шаарынын тургуну Жаныбек Турганбаевге чакан ишкана ачууга көмөк көрсөткөн. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Акыркы бир нече жыл ичинде ар кандай пиццериялар, фастфуддар, буфеттер, кофеканалар, түрдүү барлар жана башка коомдук тамактануу жайлары Кыргызстанда чоң популярдуулукка ээ болуп, кардарларды тартууну улантууда, алардын эң көбү өлкөнүн борборунда топтолгон. Райондук маанидеги шаарлар да четте калган жок.

2019-жылы Талас шаарынын тургуну Жаныбек Турганбаев кофе жана үйдө жасалган кондитердик азыктарды сатуучу чакан ишкана ачкан.

«Таластын борборундагы кофеканага батпай калган кардарлардын көбөйүшүнө байланыштуу 8-9 столго ылайыкталган лаунж-бар ачтык. Бул шаардагы биринчи кофекана», - дейт ишкер.

«Кофекана кардардын бардыгын батыра албай калганда, биз кошуна жайларды ижарага алып, кошумча жайларды салып баштадык. Ал эми, эки жылдан кийин биз заманбап лаунж-барды (англисчеден – “конок бөлмө”, lounge music – “зал үчүн музыка”) курдук. Таласта бизге чейин лаунж-бар деген түшүнүк болгон эмес»,-дейт ишкер сыймыктануу менен.

«Кофеканада 13 стол бар, алар келип, эс ала турган, баарлаша ала турган 50гө жакын кишиге ылайыкталган. Лаунж-бар 80 конокторго чейин жайгаша алат. Кофе, лаунж-бар, кондитердик цехти кошкондо 70-73 бизде адам иштейт», - дейт Турганбаев.

«Биз өз бизнесибизди баштагандан бери «Кепилдик фонд» ААКнын кызматын колдонуп келебиз, анткени күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгондуктан, анын кепилдиги менен банктык кредиттерди алганбыз. Лаунж-бар Кепилдик фондунун колдоосу менен курулуп, ачылды», - деп улантат Жаныбек.

«Күрөөсү жетишсиз болгон бизнести кеңейтүүдө кыйынчылыктарга туш болгон жана кепилдик фондуна жардам сурап кайрылган жана аны алган адам катары мен бардыгына «Кепилдик фонд» ААКтын каржылоосуна эч ойлонбостон кайрылсаңыз болот деп кеңеш бергим келет», - деп жыйынтыктады Жаныбек Турганбаев.

Пикир

Оставить комментарий