• 88.68
  • 95
  • 0.95

Майлуу-Суу шаарында коомдук кабыл алуу борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 11.08.23. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарында коомдук кабыл алуу борбору ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаардык мэриясы коомдук кабыл алуу борборун ачуу үчүн атайын 3 бөлмөлүү имарат ажыратып берген, бүгүнкү күндө капиталдык ремонттон өткөрүлүп пайдаланууга берилди.

Аталган имарат шаардык мэриянын алдында жайгашып коомдук кабыл алуу борбору деп ачылып, аксакалдар соту, аялдар кеӊеши, жаштар коминтеттерине кабинеттер бөлүнүп берилип толук кандуу ишке киришип иштей баштады.

Ошондой эле милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү жана жашы жете электеридин иштери боюнча инспекциясынын аймактык тескөөчүлөрүнө да кызматтык кабинеттер бөлүнүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий